Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык окуу жайынын 80 жылдыгы белгиленет.

Юбилейлик иш-чара Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында 2019- жылдын 25- ноябрында саат 12:00 өтөт.
Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык окуу жайы – 80 жылдык тарыхы бар бирден бир алгачы окуу жайлардын бири болуп эсептелет.
1939-жылдын 23-октябрында Кыргыз ССР эл агартуу комиссариатынын токтому менен Фрунзе шаарында музыкалык-хореографиялык окуу жайы түзүлгөн. 1940-жылдын 1-сентябрынан тартып окуу жайы толук кандуу иштей баштап, алгачкы абитуриенттерди кабыл алып баштаган.
Окуу жайдын биринчи директору окуу бөлүмүнүн башчысы, эмгек сиңирген артист Б.А. Орлов болгон.
Бул окуу жайдан бир катар залкар таланттар чыккан. Алсак, СССРдин эл артисти Калый Молдобасанов, Асанкан Жумакматов, Артык Мырзабаев, Чолпонбек Базарбаев, Самара Токтакунова, Кыргыз Республикасынын Эл артисттери Насыр Давлесов, Эсенгул Жумабаев, Салима Бекмуратова, Сайра Чоткараева, Эрмек Мойдунов, Б. Жандаров, Сардарбек Жумалиев, Каныкей Эралиевалар.
Кыргыз эстрадасынын негиздөөчүлөрүнүн бири Чоро Кожомжаров аталган окуу жайдын бүтүрүүчүсү болгон.
1990- жылы окуу жайдын имаратында залкар комузчу М. Күрөңкеевдин музейи ачылган.
Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык окуу жайынын студенттери салттуу музыканын үлгүлөрүн гана эмес, дүйнөлүк жана классикалык музыканы да үйрөнүшөт.
80 жыл ичинде окуу жай 5000ден ашуун музыкалык искусствонун ар кайсы тармагынын адистерин чыгарып, алар кыргыз маданиятын даңазалап жаткан жатышат. Бүгүнкү күндө окуу жайда 300дөн ашык студент билим алып жатышат. Окутуучулар курамы 130 түзөт. Окуу жай 9 адистик боюнча билим берет. Алар, фортепьяно, музыка теориясы, оркестрдик (үйлөмө, урма, кылдуу аспаптар), вокалдык, хор дирижёру, эстрадалык, кыргыз эл аспаптары, орус эл аспаптары. Хореографиялык бөлүмү 1980-жылы атайын окуу жайы катары өзүнчө бөлүнгөн). Директорлор: Ф. Поляков, А. Малдыбаев, А. Коханов, Г. Коган, И. Рябов, А. Керимбаев, А. Асакеев, Ж. Момункулов. Ал эми, 1986-жылдан тарта Кыргыз Республикасынын Эл артисти, профессор Т. Мураталиев.