Сүйүү деңизине аттанып жатып, кандай камданыш керек? Жок дегенде арзууну билдирчү сөздөрдөн кеп куржунга толтуруп алган оң. Анткени сүйүү адам баласын өмүр бою коштоп, эркек менен аялдын гана ортосундагы чөлкөм менен чектелбейт, сүйүүлөр ташкындап жүрүп балдага, курбуларга, мекенге, жаратылышка төгүлөт. Ошондо убагында билдирип калуу жашоодогу чоң бакыт.
Ушу сапар арзууларды билдирүүгө бири-бирибизден үйрөнөбүз. Деги эле, оозубуздан жылуу сөз гана чыгып турган күндөргө умтулалы. Алардын бири шейшемби, 11-февраль, Бал Тил клубунун жолугушуусу. Кош келиңиздер!